Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 30-апрели ПЖ № 221

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестри" деген N 1 тиркеменин "Саясый мамлекеттик кызмат орундары" деген бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" деген бөлүмүндө:

II жана III топтордун экинчи сабындагы "зардалы", "зардалынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "төрагасы", "төрагасынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

III топтун үчүнчү сабы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасынын орун басары - штабдын зардалы";

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын аскер кызматчыларынын мамлекеттик кызмат орундарынын аталыштарынын Реестри" деген № 3 КПҮ тиркеменин 2-главасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик күзөт кызматы" деген бөлүмүндөгү "Башкы кызмат орду" деген категориясынын Б 1 тобунун төртүнчү сабындагы "зардалынын" деген сөз "төрагасынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев