Редакцияот 10.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 10-июлу, ПЖ № 308

Я.Е.Фишерди, Люо Янды, А. Абдувалиевди жана башкаларды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

Республиканы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү иши үчүн:

III даражадагы «Манас» ордени менен сыйлансын:

 

Фишер Ян Ефимович

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы;

«Даңк» медалы менен сыйлансын:

 

 Люо Янь

- САМСЕ (КЭР) корпорациясынын президенти;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу» деген ардактуу

наам берилсин:

 

 Абдувалиев Абдулложонго

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун башкы куруучусу;

Дербишов Ташболот Абдылаевичке

- «Ошгипрокурлуш» долбоорлоо институту» жабык акционердик коомунун директору;

 

«Кыргыз Республикасынын өнөр жайына эмгек сиңирген кызматкер»

деген ардактуу наам берилсин:

Матмусаев Хайруллага

- «Электромонтаж» ачык акционердик коомунун Ош электромонтаждоо участкасынын начальниги;

 

Намазбеков Закиржан Алимбековичке

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун аткаруучу директору;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи»

деген ардактуу наам берилсин:

 

Шерешкова Любовь Геннадьевнага

- «Конфиденс» юридикалык агенттиги» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору;

«Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти»

деген ардактуу наам берилсин:

 

Утюшев Рифат Равильевичке

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун башкармасынын мүчөсү;

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун

эмгек сиңирген кызматкери» деген ардактуу наам берилсин:

 

Анарбаев Абдирасул Абдирахмановичке

 

- Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэри;

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

Бегназаров Орозбек

- прораб, «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун бетон-аралаштыруу түйүнүнүн начальниги;

 

Джинь Енсюэ

- САМСЕ корпорациясынын (КЭР) 1-бөлүмүнүн директору, Кызыл-Кыя цемент өндүрүү заводунун курулуш объектисинин директору;

 

Кабылов Ысмайыл Байматович

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун комплекстүү бригадасынын бригадири;

 

Кисляков Леонид Иванович

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун өндүрүшүнүн диспетчери;

 

Пихота Андрей Николаевич

- Түштүк-кыргыз геологиялык экспедициясынын башкы инженери;

 

Хафизов Рустам Адибович

- «Түштүк-Кыргыз цемент» жабык акционердик коомунун карьерасынын начальниги.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

К. Бакиев