Документке
Мурунку13.11.2009

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 509

Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык

төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө

Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда республиканын пенсионерлеринин жашоо деңгээлин социалдык жактан колдоо жана бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган, өлчөмдөрү 4000 (төрт миң) сомдон ашпаган пенсияларга 2010-жылдын 1-январынан тартып электр кубаты үчүн ар айдагы компенсациялык төлөмдөр 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- электр кубаты үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн зарыл көлөмдөгү каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин:

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. "Электр кубатына тарифтердин жогорулагандыгына байланыштуу пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 5-июнундагы N 193 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жүктөлсүн.

5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

К. Бакиев

Жаңы29.01.2010

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2009-жылдын 13-ноябры ПЖ № 509

Тарифтик саясат өзгөргөн учурда компенсациялык төлөмдөрдү белгилөө жөнүндө

(КР Президентинин 2010-жылдын 29-январындагы ПЖ № 25 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Энергия булактарына тарифтик саясат өзгөргөн шарттарда республиканын пенсионерлеринин жашоо деңгээлин социалдык жактан колдоо жана бирдиктүү ыкманы камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык дайындалган, өлчөмдөрү 4000 (төрт миң) сомдон ашпаган пенсияларга 2010-жылдын 1-январынан тартып электр кубаты үчүн ар айдагы компенсациялык төлөмдөр 200 сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө:

- электр кубаты үчүн пенсионерлерге компенсациялык төлөмдөрдү жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду үчүн зарыл көлөмдөгү каражаттарды тапсын жана "2010-жылга республикалык бюджет жана 2011-2012-жылдарга болжол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин:

- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. (КР Президентинин 2010-жылдын 29-январындагы ПЖ № 25 Жарлыгына ылайык 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүн жоготту)