Редакцияот 29.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2011-жылдын 29-октябры ПЖ № 267

Республиканын жергиликтүү өз алдынча башкаруу кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тармагына сиңирген эмгеги үчүн:

«Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусуна эмгек сиңирген кызматкер»

деген ардактуу наам берилсин:

 

Асанакунов Болотбек Жапаровичке

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу Союзунун директору;

 

Байисова Кайырбүбүгө

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук согуш жана эмгек ардагерлер Кеңешинин төрайымы;

 

Кожомкулов Калмырза Медеркуловичке

- Чүй облусунун Ысык-Ата райондук суу чарба башкармасынын начальниги;

 

Шарипов Зарылбек Адиевичке

- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук агенттигинин Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча региондук бөлүмүнүн начальниги;

 

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер»

деген ардактуу наам берилсин:

 

Абдылдаев Сагынтай Ишенбаевичке

- Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси;

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:

 

Атабекова Айнура Казыбековна

 

- Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук кеңешинин депутаты;

Даданова Калыйкан

 

- Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы эмгек ардагери;

Мамажанов Гуламжон

- Ош облусунун Араван районундагы Алля-Анаров айылдык округунун башчысы;

 

Рахматов Эркин Аширович

 

- Баткен облусунун Баткен шаардык кеңешинин төрагасы;

Сасыкбаев Замирбек Мусаевич

 

- Ош шаардык депутаттар кеңешинин аппарат жетекчиси;

Шаназаров Эргешали Буваназарович

- Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылдык округунун башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

Р.Отунбаева