Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 20-январы ПЖ № 9

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралу

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясын Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайрылуусуна байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 21-январындагы № 15 "Айрым мамлекеттик органдарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагына өткөрүү маселеси жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

- 1-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- 2-пункт төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы.".

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин бул Жарлыкка ылайык келтирсин.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев