Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 30-декабрындагы ПЖ № 237 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 28-январы ПЖ № 23

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду  киргизүү тууралу

Мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын саясый жана атайын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

"Саясый мамлекеттик кызмат орундары" бөлүгүнүн "Кыргыз Республикасынын айрым мамлекеттик органдары" бөлүмүндө:

- II топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору";

- III топ төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары".

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев