Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин

2015-жылдын 3-февралындагы ПЖ № 12 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 12-марты ПЖ № 61

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү

киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 8-бөлүгүнө жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 27-майындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кадр ишинин кээ бир маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө жогорку командалык курамдын адамдары ээлеген кызмат орундарынын Тизмесинде:

4-пунктта "1" деген сан "2" деген сан менен алмаштырылсын;

5-пунктта "Коргоо министринин орун басары -" деген сөздөр алып салынсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев