Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 25-апрели ПЖ № 94
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 27, 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178, 2014-жылдын 8-октябрындагы ПЖ № 168, 2015-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 33, 2015-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 285, 2017-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 46, 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу, ишенимдүү тарыхый булактардын негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо жана тарых илимин андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча фундаменталдык илимий эмгектерди, окуу китептерин жана жаңы муундагы окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду түзүлсүн.
3. Төмөнкү тиркелген бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия жөнүндө Жобо;
- (үчүнчү абзац КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (төртүнчү абзац КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун иштешинин уюштуруу-укуктук жана мамлекеттик каттоо маселелерин чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун уюштуруучусунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга ыйгарым укуктар берилсин.
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2012-жылдын 27-апрелинде N 37-38 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| А.Ш. Атамбаев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2012-жылдын 25-апрели ПЖ № 94
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссияны уюштуруу жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондун түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 27, 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178, 2014-жылдын 8-октябрындагы ПЖ № 168, 2015-жылдын 6-мартындагы ПЖ № 33, 2015-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 285, 2017-жылдын 10-мартындагы ПЖ № 46, 2024-жылдын 28-февралындагы ПЖ № 47 , 2026-жылдын 31-январы ПЖ № 23 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 27-январындагы "Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын жүзөгө ашыруу, ишенимдүү тарыхый булактардын негизинде Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүү боюнча изилдөөлөрдү колдоо жана тарых илимин андан ары өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тарыхы боюнча фундаменталдык илимий эмгектерди, окуу китептерин жана жаңы муундагы окуу куралдарын даярдоо жана басып чыгаруу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фонду түзүлсүн.
3. Төмөнкү тиркелген бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү боюнча Комиссия жөнүндө Жобо;
- (үчүнчү абзац КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- (төртүнчү абзац КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси бир айлык мөөнөттө Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун иштешинин уюштуруу-укуктук жана мамлекеттик каттоо маселелерин чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б. Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директоруна Жетекчисине Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын "Мурас" Фондунун уюштуруучусунун ыйгарым укуктарын ишке ашырууга ыйгарым укуктар берилсин.
(КР Президентинин 2013-жылдын 19-августундагы ПЖ № 178 ,2026-жылдын 31-январы ПЖ № 23 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнө жүктөлсүн.
(КР Президентинин 2026-жылдын 31-январы ПЖ № 23 Жарлыгынын редакциясына ылайык)