Редакцияот 21.08.2012.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 21-августу ПЖ №150

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 94-беренесинин 8-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Мурда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы болуп дайындалган жана Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган Сарыков Юлдашбай курагынын чегине жеткендигине байланыштуу ыйгарым укуктары 2012-жылдын 25-августунан тартып токтотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев