Редакцияот 21.08.2012.
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2012-жылдын 21-августу ПЖ №151

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө жана "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Иманкулов Эркин Тургунович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруудан четтетилсин.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А. Атамбаев