Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2012-жылдын 24-ноябры ПЖ № 251

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңеш жөнүндө

(КР Президентинин 2012-жылдын 26-декабрындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын алдында турган маселелер узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын, ошондой эле экономикалык, идеологиялык, социалдык чөйрөлөрдө, мамлекеттик түзүлүш, коопсуздук жана тышкы саясат маселелеринде ачык-айкын чараларды жана максаттуу багыттарды белгилөө менен жакынкы беш жылга "жол картасын" иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коргоо Кеңешинин чегинде улуттук коопсуздук, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, коррупцияга каршы күрөшүү, этностор аралык, региондор аралык, диний маселелерди чечүү, мамлекеттик башкаруу жана натыйжалуу мамлекеттик кызматтын ишке жөндөмдүү системасын түзүү чөйрөсүндө стратегиялык документтерди иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга киришти.

Ошону менен бирге азыркы дүйнөдө Кыргыз Республикасынын ордун жана ролун аныктоо, өлкөбүздүн чыныгы көз карандысыздыкка жетишүүсү, улуттук коопсуздукту чыңдоо анын бардык аспекттеринде, биринчи кезекте экономиканын абалына жараша болот.

Мурдагы СССРдин көп башка республикаларынан айырмаланып, Кыргыз Республикасы 20 жылдын ичинде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө өзүнүн татыктуу ордун таба алган жок. Эл аралык изилдөөлөрдүн маалыматтары боюнча, 2009-жылы эле Кыргыз Республикасы KMШ өлкөлөрүнүн арасында эң кедей мамлекет деп таанылган. Калктын 35 пайызы - 1 млн. 829 миң киши кедейликтин чегинен төмөн жашайт, жумушсуздуктун деңгээли 18 пайыздан ашып кеткен.

Көптөгөн эл аралык эксперттер жана байкоочулар биздин өлкөнү мурдагыдай эле "аракетке жөндөмсүз" мамлекеттердин катарына кошот жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине күмөн санайт.

Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматтары боюнча 2012-жылы Кыргыз Республикасы дүйнөлүк соодага тартылуу рейтингинде 110-111-орундарды ээлеген. Экономиканын атаандашууга жөндөмдүүлүк индексине ылайык Кыргыз Республикасы дүйнөнүн 187 өлкөсүнүн ичинен 126-орунда турат. Тартылган инвестициялардын көлөмү өлкөнүн керектөөлөрүн жаппайт.

Мурдагы СССРдин соңку жетекчилигинин экономикалык факторду жеткире баалабагандыгы жана терең ойлонбостон саясый реформаларга артыкчылык берүүсү, өз кезегинде өлкөнүн жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын бүлүнүшүнө жана Советтер Союзунун ыдырашына алып келген.

Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн азыркы этабы парламенттик демократиянын торолушу менен байланышкан жана объективдүү себептер боюнча аткаруу бийлик органдарынын туруксуздугу жана тез-тез алмашуу тобокели менен мүнөздөлөт.

Өнүгүүнүн жеке кыргызстандык стратегиялык долбоорунун жоктугунан улам өлкөнүн мүмкүн болуучу тышкы процесстердин терс таасирлерине көз карандылыгы дале жогору бойдон калып жатат.

Коом менен бизнеске орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилге өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыттарын көрсөткөн стратегиялык мамлекеттик расмий документтин актуалдуулугу жана керектүүлүгү барган сайын айдан ачык болуп баратат.