Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327

Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы N 206 Жарлыгы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов Мамлекеттик башкаруу академиясынын УСТАВЫ

(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188, 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172, 2019-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 57, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130, 2022-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 357 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жагында мамлекеттик билим берүүчү, окуу-усулдук, илимий жана маалыматтык-талдоочу мекеме болуп саналат.

(КР Президентинин 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

2. Академиянын милдети мамлекеттик органдарды, уюмдарды жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жогору квалификациялуу адистер менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик  кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин (мындан ары - Агенттик) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин илимий-аналитикалык камсыздоо болуп саналат.

(КР Президентинин 2015-жылдын 1-октябрындагы ПЖ № 188, 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172 , 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)

3. Академия Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана Агенттик карамагында турат. Академиянын оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитип берилген мүлкү, өз алдынча балансы жана сметасы, банк жана башка финансы мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары болот.

(КР Президентинин 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Академия Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясынын укук мурастоочусу болуп саналат.

5. Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Агенттик чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат.

(КР Президентинин 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172, 2022-жылдын 26-апрелиндеги ПЖ № 130 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

6. Академия өз ишин башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык финансы институттары, коомдук бирикмелер, башка уюмдар жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен өз алдынча жүргүзөт.

7. Академия Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз атынан жарандык-укуктук мамилелерге кирип, Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын чегинде жарандык-укуктук мамилелерде жак катары чыгып, сотто доочу жана жоопкер боло алат.