Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2013-жылдын 14-июну ПЖ № 141

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын уюштуруу жыйналышында кабыл алынган чечимге ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы № 404 "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы ушул Жарлыкка тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 31-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги № 82 Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштан күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

А.Атамбаев

 

 

Тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын

КУРАМЫ

 

Нарымбаев Данияр

Ильич

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Улуттук        

  комиссиянын      төрагасы;

Самаков Карганбек

Садыкович

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Улуттук комиссиянын      

  төрагасынын орун басары.

Комиссия мүчөлөрү:

 

Кудайбердиева Гүлмира

Каримовна

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын социалдык саясат бөлүмүнүн

  башчысы;

Раев Султан

Акимович

- Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри;

 

Садыков Канат

Жалилович

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

 

Оторбаев Эринес

Мотойович

- Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

 

Корчуева Элнура

Асылбековна

- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу

  катчысы;

Абдырахманов Төлөбек

Абылович

- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору;

 

Бакашева Жылдыз

Кемеловна

- Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;

Дербишева Замира

Касымбековна

- "Манас" Кыргыз-Түрк университетинин профессору (макулдашуу боюнча);

 

Жакиев Бексултан

Жакиевич

- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

 

Мусина Дарья

Сапарбековна

- "Балажан" Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун

   директору;

Найзабекова Алмакан

Шамшикеевна

- "Маданият жана көркөм өнөр боюнча Борбордук Азия тармагы" коомдук бирикмесинин

   директору (макулдашуу боюнча);

Оторбаев Кубат

Табылдиевич

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиокөрсөтүү корпорациясынын башкы

  директору;

Садык Шер-Нияз

- коомдук ишмер, "Айтыш" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Чороев Тынчтыкбек

Кадырманбетович

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин аймак таануу кафедрасынын

  профессору (макулдашуу боюнча);

Чочунбаева Динара

Илимбековна

- Борбордук Азияда кол өнөрчүлүктү өнүктүрүүнү колдогон уюмдардын

  ассоциациясынын ресурстук борборунун директору (макулдашуу боюнча);

Шүкүров Эмил

Жапарович

- Кыргызстандын "Алейне" экологиялык кыймылынын директору (макулдашуу боюнча);

 

Эркебаев Абдыганы

Эркебаевич

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти.