Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 31-декабры ПЖ № 404
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 82, 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 141, 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча (ЮНЕСКО) иштерине Кыргыз Республикасынын натыйжалуу катышуусун жогорулатуу, ЮНЕСКОнун мамлекет үчүн артыкчылыктуу долбоорлоруна, программаларына жана иш-чараларына тартуу, ошондой эле ведомстволор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана ЮНЕСКОнун компетенциясына кирген жааттарда иштеген ар кандай жергиликтүү жана эл аралык өкмөттүк эмес уюмдардын биргелешкен ишин координациялоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы;
- Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жөнүндө жобо.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө:
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансы маселелерин чечсин;
- өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 1993-жылдын 6-апрелиндеги № 107 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 8-майындагы № 205 Жарлыгы;
- "ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 23-июнундагы № 205 Жарлыгы;
- "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер мамлекеттик министрлиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 24-декабрындагы № 605 Жарлыгынын 4, 5, 6, 7, 8-пункттары;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 16-мартындагы № 96 Жарлыгынын 5-пунктунун 7-абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 425 Жарлыгынын 7-пунктунун б) пунктчасынын 7-абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы № 385 Жарлыгы менен бекитилген № 2 тиркемесинин 10-главасынын төмөнкүдөй мазмундагы абзацы:
"
Б1 | Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын аткаруучу катчысы |
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин натыйжалуу камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 26-октябрындагы № 443 Жарлыгы менен бекитилген № 13 тиркемесинин төмөнкүдөй мазмундагы пункту:
Кыргыз Республикасынын ТИММ караштуу Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясынын катчылыгы | 5 |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2010-жылдын 31-декабры ПЖ № 404
Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясын түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2011-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 82, 2013-жылдын 14-июнундагы ПЖ № 141, 2017-жылдын 16-мартындагы ПЖ № 54, 2019-жылдын 11-майындагы ПЖ № 62 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)