Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2013-жылдын 24-октябры ПЖ № 209

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

(КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

      1) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

      2) (КР Президентинин 2016-жылдын 30-июнундагы ПЖ № 155 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

3) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Коомдук эксперттик кеңеш жөнүндө жободо:

- 6-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4) зарылдыгына жараша өзүнүн ишмердиги жөнүндө маалыматты даярдоого, Президенттин сайтында жайгаштырууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.";

- 7-пункттагы "1 жылдык" деген сөз жана цифра "эки жылдык" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 9-пункт ", алардын Коомдук эксперттик кеңештин курамында мүчө экендигин ырастаган күбөлүгү болот" деген сөздөр менен толукталсын;