Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2013-жылдын 12-ноябры ПЖ N 215
Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2014-жылдын 13-июнундагы ПЖ № 120, 2014-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ № 159, 2014-жылдын 12-декабрындагы ПЖ № 219, 2015-жылдын 18-мартындагы ПЖ № 39, 2016-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 47, 2016-жылдын 1-июнундагы ПЖ № 136, 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73, 2020-жылдын 7-февралындагы ПЖ № 29 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 14-декабрындагы N 27 "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиндеги Антикоррупциялык кызматты түзүү жөнүндө", 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2012-жылдын 2-февралындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" чечимин аткаруу үчүн Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы кадамдар жасалды, тиешелүү уюштуруучулук чаралар көрүлдү, укук коопсуздук органдарынын иши активдештирилди, мыйзамдык базаны жаңылоо башталды.
Коомдо коррупциялык укук бузуулар үчүн жазанын шексиз экендигин түшүнүү акырындап калыптана баштады. Айрым жогорку кызмат адамдарын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу кыргызстандыктардын адилеттүүлүккө болгон ишенимин жаратты. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун реалдуу толтуруунун өсүп жаткандыгы белгиленүүдө. 2013-жылдын 9 айында Кыргызстандын укук коопсуздук органдары тапкан ар кандай мүнөздөгү укук бузуулардын фактыларынын натыйжалары боюнча мамлекеттик казыналык системасы аркылуу мамлекеттик бюджеттин кирешесине зыяндын ордун толтуруу катары 621,8 млн. сом түшкөн, бул бүтүндөй 2012-жылга караганда 2,3 эсе көп. 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан өзүнүн позициясын эл аралык өкмөттүк эмес Трансперенси Интернешнл уюмунун рейтингинде "Коррупцияны кабылдоо индекси" боюнча 164-орундан 154-орунга жакшыртты.
Бирок коррупцияга каршы күрөшүүдөгү алгачкы жакшы жылыштар тиешелүү түрдө уланган жок. Коррупция мурдагыдай эле мамлекеттик органдардын иштөөсүн олуттуу татаалдантып, социалдык кайра түзүүлөргө жана улуттук экономиканы модернизациялоого тоскоолдук кылып, коомдо катуу тынчсызданууну жана мамлекеттик институттарга болгон ишенимдин кетишин жаратып, эл аралык аренада өлкөнүн терс имиджин түзүп, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугуна келтирилген башкы коркунучтардын бири болуп эсептелүүдө.
Антикоррупциялык саясатты иш жүзүнө ашыруу мамлекеттик кызмат менен мамлекеттик башкаруу системасынын ичиндеги терең карама-каршылыктарга туш болууда. Коррупция системалуу, рационалдуу болуп калды. Эки он жылдыктын ичинде түзүлүп калган, мамлекеттик кызмат орундарынын ачыкка чыкпаган рыногу кадрларды тандоо системасындагы олуттуу деформацияларды жаратты. Кызмат адамдарынын кеңири чөйрөсү мамлекеттик кызматтын негизги маанисин элге кызмат кылуу деп түшүнбөстөн, айрым учурларда ошол кызматка дайындоого өбөлгө болгон адамдардын алдындагы милдеттенмелерин аткаруу деп, ал эми көп учурларда примитивдүү баюу деп гана түшүнүп калды.
Мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча иши алдын алуу багытына ээ эмес. Көп учурларда мамлекеттик, анын ичинде соттук органдар мамлекеттик түзүлүштүн бүткүл системасын дискредитация кылган чечимдерди кабыл алышат. Укук коопсуздук органдарынын ишинде эскирип калган методдордун элементтери көп колдонулат. Укук коопсуздук органдарынын борборлордо жана жер-жерлерде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишин координациялоо деңгээли төмөн бойдон калууда. Азыркы мезгилге чейин Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясында каралган мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун институттарынын антикоррупциялык күч-аракеттерин координациялоо механизми түзүлгөн эмес.
2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетишүү коррупцияны жана аны пайда кылган себептерди жоюуну талап кылат.
Ишкердиктин статусун көтөрүү жана өзүнүн материалдык абалын тез жакшыртууга умтулгандар үчүн анын артыкчылыгын камсыздоо милдети чоң мааниге ээ.
Айрым саясий күчтөрдүн тар топторунун кызыкчылыктарынын мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине кийлигишүүсүнүн коркунучу Кыргызстандын элин өзгөчө тынчсыздандырууда. Түзүлүп калган коррупциялык тартипти бузуу жолундагы эң башкы тоскоолдуктардын бири болуп саясий коррупция эсептелет, мындай коррупциянын бузуучу чөйрөсү болуп мамлекеттик кызыкчылыктар саналат. Саясий партиялардын коммерциялык жана финансылык топторго болгон финансылык жактан катуу көз карандылыгы белгиленет, бул жагдай шайлоолорго катышуу үчүн талапкерлердин тизмелерин түзгөндө, ошондой эле жетектөөчү мамлекеттик кызмат орундарына дайындоодо көрүнүп калууда. Жыйынтыгында саясий партиялар билдирген идеологиялык жана саясий максаттардын дискредитация болушунун коркунучу жаралды.