Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы ПЖ N 215 Жарлыгы менен бекитилген |
Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу жөнүндө ЖОБО
(КР Президентинин, 2017-жылдын 11-апрелиндеги ПЖ № 73 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясын ишке ашырууну контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу (мындан ары - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу) "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2013-жылдын 4-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" чечимине ылайык түзүлгөн консультациялык-кеңешүүчү орган болуп эсептелет.
2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы N 26 "Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясы жана коррупцияга каршы туруу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2012-жылдын 30-январындагы "Коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы аракеттенүү боюнча чаралар жөнүндө" жана 2013-жылдын 4-ноябрындагы "Кыргыз Республикасынын Антикоррупциялык саясатынын мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруунун жүрүшү жана бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө" чечимдерин аткаруусуна контролдук кылууну жана жүзөгө ашыруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун максаты болуп эсептелет.
3. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңеши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун максаттарын жана милдеттерин жүзөгө ашыруу мыйзамдуулуктун, иштин ачыктыгы жана айкындыгы принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.
5. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу:
1) коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди, анын ичинде тиешелүү мамлекеттик органдарда жана мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердеги коррупциялык схемаларды жана коррупциялык коркунучтарды демонтаждоо боюнча антикоррупциялык пландарды бекитүү түрүндө иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, коррупциялык көрүнүштөрдүн себебин табуу жана жоюу боюнча эксперттик топторду түзөт;
2) өзүнүн жыйналыштарында ар бир министрликтин, администрациялык ведомствонун, башка борбордук мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун айрым органдарынын системасындагы антикоррупциялык иш-чаралардын ишке ашырылуусунун жүрүшүн коомчулукка маалымдоо менен карайт;
3) тиешелүү мамлекеттик органдарда системалуу коррупцияны жана коррупциялык схемаларды демонтаждоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешине киргизет.
(КР Президентинин 2016-жылдын 5-мартындагы ПЖ № 47 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун курамы
6. Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобунун персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.