Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2012-жылдын 25-январындагы № 16 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 31-декабры ПЖ № 476

Кыргыз Республикасынын Президентинин

Катчылыгын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин ачык-айкындуулук принциптеринде маалыматтык, долбоордук-талдоо, протоколдук камсыз кылууну жана чагылдырууну андан ары өркүндөтүү максатында жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын жетекчисине бир айлык мөөнөттө:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгы жөнүндө Жобо боюнча;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Катчылыгынын түзүмү жана штаттык саны боюнча сунуштарды киргизүү тапшырылсын.

3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К. Бакиев