Редакцияот 23.10.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2008-жылдын 23-октябры ПЖ № 383

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология

жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик

агенттигинин кызматкерлерин мамлекеттик

сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын геология кызматы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:

 

"Кыргыз Республикасынын геология кызматынын эмгек сиңирген кызматкери"

деген ардактуу наам берилсин:

 

Акматов Мукашка

- Кыргыз геологиялык-экономикалык изилдөөлөр методикалык экспедициясынын долбоорлоо партиясынын начальниги

Лобанченко Александр Николаевичке

- Кыргыз геофизика экспедициясынын геолого-геофизикалык маалыматты жалпылоо отрядынын начальниги

Рубцов Валерий Ивановичке

- Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясынын башкы геологу

Чернявская Зинаида Иосифовнага

- Түндүк-Кыргыз геологиялык экспедициясынын Сөөк партиясынын башкы геологу

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Бабаев Марип Бабаевич

- Бишкектеги тоо-кен чалгындоо техникаларынын тажрыйба-эксперименттик заводунун директору

Какитаев Кадырбек

- Жер казнасын пайдалануу боюнча мамлекеттик инспекциясынын начальниги

Князькова Антонина Ивановна

- Борбордук лабораториянын башкы инженери

Мадяров Мысыр Ишматович

- "Кыргызгеолтехкомплект" ачык акционердик коомунун директору

Мансуров Ысманали Мунсурович

- Түштүк-Кыргыз геологиялык экспедициясынын начальниги

Супамбаев Кеңеш

- Кыргыз геологиялык-экономикалык изилдөөлөр методикалык экспедициясынын компьютердик технологиялар партиясынын начальниги

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К. Бакиев