Редакцияот 19.02.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 19-февралы ПЖ № 65

Ө.С.Жумакадыров, З.А.Карабалтаев,

А.Э.Кулжабаев жана башкалар жөнүндө

 

Кылмыштуулукка каршы күрөштө көрсөткөн жеке эрдиги жана баатырдыгы үчүн

 

"Эрдик" медалы менен сыйлансын:

 

Жумакадыров Өмүрбек Султанович - милициянын старшинасы (курман болгондон кийин);

Карабалтаев Замирбек Алтымышович - милициянын старшинасы (курман болгондон кийин).

 

Кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каарман жана чечкиндүү аракеттери үчүн

 

"Эрдик" медалы менен сыйлансын:

 

Кулжабаев Адис Эсентурович - милициянын старшинасы.

 

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы  менен сыйлансын:

 

Эгембердиев Аскарбек Талантбекович - милициянын старшинасы.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

К.Бакиев