Редакцияот 12.07.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 12-июлу ПЖ № 339

Республиканын калкын тейлөө чөйрөсүнүн

кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар

менен сыйлоо жөнүндө

 

Республиканын калкын тейлөө чөйрөсүнө сиңирген эмгеги үчүн

"Даңк" медалы менен сыйлансын:

 

Есенбаев Үсөнбек - "№ 2 Токмок авторемонт заводу" жоопкерчилиги чектелген коомунун директорлор кеңешинин төрагасы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Матраимов Рахманали Кыргызбаевич - Кыргызстан кесиптик бирликтер Федерациясынын курорттор Башкармасынын "Жалалабат" санаторийинин директору;

Суфтин Игорь Борисович - Бишкек шаарынын "Ленин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашыл чарба комбинаты" коммуналдык ишканасынын катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча атайын машинанын айдоочусу;

Усманов Касим - Ош шаарынын жана Ош облусунун тиричилик кызматынын ишкерлер Ассоциациясынын "Агфа" фотостудиясынын директору.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К.Бакиев