Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөр берилген Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1996-жылдын 17-июну № 20
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 7-февралындагы № 12, 1998-жылдын 17-декабрындагы № 151, 1999-жылдын 27-ноябрындагы № 131, 2001-жылдын 30-декабрындагы № 114, 2002-жылдын 5-январындагы № 1, 2002-жылдын 20-мартындагы № 41, 2002-жылдын 16-октябрындагы № 145, 2005-жылдын 13-февралындагы № 32, 2005-жылдын 30-июнундагы № 86, 2005-жылдын 22-июлундагы № 110, 2008-жылдын 20-мартындагы № 32, 2009-жылдын 15-июлундагы № 217, 2011-жылдын 6-октябрындагы № 166, 2012-жылдын 29-октябрындагы № 175, 2014-жылдын 11-январындагы № 3, 2014-жылдын 21-ноябрындагы № 159, 2015-жылдын 3-августундагы № 212, 2016-жылдын 17-ноябрындагы № 178, 2019-жылдын 23-декабрындагы № 145, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33, 2020-жылдын 13-майындагы № 54, 2020-жылдын 31-декабрындагы № 13, 2022-жылдын 4-ноябрындагы № 101, 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 31-июлундагы №180 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын граждандарын мамлекеттик социалдык камсыздандыруунун укуктук, экономикалык жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
I Бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу
Мамлекеттик социалдык эмгектик мертинүүнүн же кесиптик дартка чалдыгуунун, майыптыгынын, карыгандыгынын, баккан адамынан айрылгандыгынын жана анын өлүмүнүн натыйжасында камсыздандырылган адамдар өздөрүнүн иштеп тапканын же кирешесин жоготкон учурда жумуш берүүчүлөр менен граждандардын милдеттүү камсыздандыруу салымдарынын эсебинен камсыз кылуунун мамлекет тарабынан гарантияланган түрлөрүнүн системасы болуп эсептелет.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу милдеттүү болуп саналат.
(КР 2005-жылдын 13-февралындагы № 32, 2005-жылдын 30-июнундагы № 86 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
Камсыздандыруучу - граждандарды эмгек келишимдери (контракттар) боюнча жалдаган граждандар, юридикалык жактар (менчигинин түрүнө жана ишинин түрүнө карабастан ишканалар, уюмдар, мекемелер жана башка чарба жүргүзүүчү субъект) жана жеке адамдар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн ишин жүзөгө ашырып жаткан чет өлкөлүк юридикалык жактар жана жеке адамдар ошондой эле эл аралык уюмдар, эл аралык макулдашууларга ылайык түзүлгөн уюмдар, эл аралык долбоорлор, дипломаттык мекемелер жана өкүлчүлүктөр.
Камсыздоочу - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жагында камсыздандыруу ишин жүзөгө ашырган юридикалык жак.
Камсыздандырылган адам - мамлекеттик социалдык камсыздандыруу өзүнүн пайдасы үчүн жүзөгө ашырылган жеке адам.
Камсыздандыруу учуру - болгон окуя, анын натыйжасында камсыздоочунун камсыздандырылган адамга камсыздандыруу төлөмүн төлөө же ал тарткан чыгымдарды компенсациялоо милдети келип чыгат.