Редакцияот 25.08.2006
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2006-жылдын 25-августу ПЖ № 433

Республиканын саламаттыкты сактоо системасынын кызматкерлерин

мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо

жөнүндө

 

Республиканын саламаттыкты сактоо жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы"

 деген ардактуу наам берилсин:

 

Осмонова Ибарат Карыпбековнага - врач-терапевт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын дарылоо-денсоолукту чыңдоо бирикмесинин медициналык тез жардам пунктунун башчысы.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы

менен сыйлансын:

 

Асаналиева Айтыкан - Бишкек шаарындагы № 15 үйбүлөлүк медицина борборунун врач-педиатры;

Масалиева Айсалкын Абсаматовна - врач-физиотерапевт, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын дарылоо-денсоолукту чыңдоо бирикмесинин физиотерапевтик бөлүмүнүн башчысы.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

К.Бакиев