Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 283 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук Программасы
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы (мындан ары - Программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына, Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо концепциясына, ошондой эле Кыргыз Республикасында полимаданий жана көп тилдүү билим берүү концепциясына ылайык иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 "Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы менен тил саясатын өнүктүрүүнүн биринчи кезектеги чаралары жана артыкчылыктары аныкталган.
2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында мамлекеттик тилдин бириктирүүчү ролун күчөтүү жана көп тилдүүлүктү өнүктүрүү Кыргызстандын элинин биримдигинин негизги фактору болуп эсептелет. Мамлекеттик тилди билүү Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын парзы жана милдети болууга, анын коомдук турмушка активдүү катышуусун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн аныктаган стимул болууга тийиш.
Бул Программаны ишке ашыруу боюнча практикалык натыйжаларга жетишүү үчүн бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коом катышкан биргелешкен иш-аракеттерин күчөтүү зарыл.
Программада белгиленген максаттар жана милдеттер Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын максаттуу индикаторлоруна жетишүү аркылуу ишке ашырылат.
Программа - Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасы;
"Кыргызтест" - мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоонун системасы, ал Тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласына негизделет жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет;
Тил билүүнү баалоонун эл аралык шкаласы (Тил билүүнү баалоонун жалпы европалык шкаласы) төмөнкүдөй деңгээлдерди камтыйт: А - элементардык билүү (А1 - жан багуу деңгээли, 2 - чекке чейинки деңгээл), В - канааттанаарлык билүү (В1 - чектик деңгээл, В2 - чектик өркүндөтүлгөн деңгээл), С - эркин билүү (С1 - кесипкөй билүү деңгээли, С2 - мыкты билүү деңгээли);
"Көп тилдүү билим берүү" - окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдонуу. Бул терминди ЮНЕСКО 1999-жылы киргизген (UNESCOнун 12-резолюциясы) жана ал билим берүүдө кеминде үч тилди: эне тилин, мамлекеттик (national) жана эл аралык тилдерди колдонууну билдирет.