4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын (мындан ары - Улуттук программа) аткаруусун контролдоону жана алардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Жумушчу топтун максаттарын ишке ашыруу мыйзамдуулуктун, иштин ачыктыгы жана айкындыгы принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.
4. Жумушчу топ:
1) Улуттук программаны аткаруу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашылган иштерди жүргүзөт;
2) өзүнүн жыйналыштарында ар бир министрликтин, администрациялык ведомствонун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын системасында Улуттук программанын ишке ашырылуусунун жүрүшүн коомчулукка маалымдоо менен карайт;
3) түзүлгөн уюштуруучулук-финансылык шарттарга жараша Улуттук программаны өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына киргизет.
2. Жумушчу топтун курамы
5. Жумушчу топтун персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
6. Жумушчу топту жетекчи башкарат, анын орун басарлары болот.
7. Жумушчу топтун курамына макулдашуу боюнча көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.