Редакцияот 24.06.2004
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2004-жылдын 24-июну ПЖ № 211

Н.И.Рыжковду "Данакер" ордени менен сыйлоо жөнүндө

Кыргыз жана орус элдеринин ортосунда достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынын Федералдык Кеңешинин мүчөсү, Россиянын товар өндүрүүчүлөр союзунун президенти Рыжков Николай Иванович "Данакер" ордени менен сыйлансын.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Акаев