КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1994-жылдын 11-январы № 1360-XII
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө
(КР 1996-жылдын 19-декабрындагы № 61, 1996-жылдын 19-декабрындагы № 65, 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2004-жылдын 19-августундагы № 157, 2005-жылдын 8-июнундагы № 74, 2008-жылдын 14-июлундагы № 143, 2008-жылдын 21-июлундагы № 161, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2008-жылдын 20-ноябрындагы № 245, 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2010-жылдын 25-январындагы № 9, 2011-жылдын 18-октябрындагы № 178, 2012-жылдын 23-майындагы № 63, 2012-жылдын 2-июлундагы № 94, 2012-жылдын 11-октябрындагы № 171, 2013-жылдын 11-апрелиндеги № 51, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55,2013-жылдын 3-августундагы № 182, 2014-жылдын 11-январындагы № 2, 2014-жылдын 11-январындагы № 5, 2014-жылдын 14-ноябрындагы № 152, 2015-жылдын 3-мартындагы № 46,2015-жылдын 18-майындагы № 104, 2015-жылдын 21-июлундагы № 183, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207,2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 55, 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2019-жылдын 8-июлундагы № 83, 2019-жылдын 25-июлундагы № 102, 2021-жылдын 22-январындагы № 11, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27, 2024-жылдын 7-августундагы № 161, 2024-жылдын 16-декабрындагы № 203, 2025-жылдын 11-июнундагы № 116 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(КР Жогорку Кеңешинин 1994-жылдын 11-январындагы № 1361-XII токтому менен колдонууга киргизилген)
Бул Мыйзам аткаруу бийлигинин системасындагы ички иштер органдарынын ордун жана ролун аныктап, алардын негизги милдеттерин, укуктарын жана жоопкерчилигин, аларды каржылоонун жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылуунун тартибин белгилейт.
(КР 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
I бөлүм Жалпы жоболор
1-статья. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары - коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча аткаруучу-тескөөчү милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик куралдуу укук коргоо органы.
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги, ага баш ийген облустардын жана Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкармалары, ички иштер органдарынын транспорттук кичи бөлүмдөрү, шаардык, райондук, шаарлардагы райондук, айылдык кичи бөлүмдөрү, ошондой эле өзгөчө жана режимдүү объектилердеги кичи бөлүмдөрү, окуу жайлары, мекемелери, уюмдары жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бирдиктүү системасын түзөт.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын түзүмүн жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жөнүндө жобону Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекитет.
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына жетекчиликти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызмат ордуна дайындоочу жана кызмат ордунан бошотуучу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жүзөгө ашырат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына баш ийет жана өзүнүн иши үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.
(КР 1997-жылдын 21-ноябрындагы № 82, 2008-жылдын 8-октябрындагы № 208, 2012-жылдын 23-майындагы №63, 2013-жылдын 18-апрелиндеги № 55 2014-жылдын 11-январындагы № 5 , 2019-жылдын 3-июнундагы № 69, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 109 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ички иштер органдарынын негизги милдеттери
Төмөндөгүлөр:
- коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуу;
- кылмыштуулукка каршы күрөшүү;
- компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашыруу жана жазаларды аткаруу;