Загрузка документа…
КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
2015-жылдын 12-майы ПЖ № 90
Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы жөнүндө
Жусуп Баласагын - кыргыз жана башка түрк элдеринин мамлекеттүүлүгүнүн тарыхындагы өзгөчө барктуу инсан. Чыгыш мусулман кайра жаралуу доорунун залкар ойчулу, Карахандар каганатынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери мамлекеттик башкаруунун теориясына жана тажрыйбасына, түрк дүйнөсүнүн руханий асыл-нарктарын жана маданиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон.
Карахандар каганаты өз курамындагы азыркы түрк элдеринин ата-бабалары руханий, маданий, экономикалык жана саясий өнүгүүнүн жогорку деңгээлине жеткен X-XII кылымдардагы эң ири мамлекет болгон. Улуу Кыргыз каганатынын доору (IX-X кылымдар) менен катар эле карахандар доору да кыргыз мамлекеттүүлүгүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон жана тарых илими тарабынан бул доорду терең изилдөө талап кылынат.
Азыркы Кыргызстандын аймагында 60тан ашык шаар болгон. Карахандар доорунан бери сакталган архитектуралык белгилүү эстеликтерге Бурана мунарасы, Өзгөндөгү тарыхый-архитектуралык комплекс, Шах-Фазил көрүстөнү, Таш-Рабат кербен сарайы жана башкалар кирет.
Жусуп Баласагын 1015-жылы, айрым маалыматтар боюнча 1016-жылы Карахандар каганатынын Чүй өрөөнүнүн чыгышындагы азыркы Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан биринчи борбору - Баласагын шаарында туулган.
1069-1070-жылдары Жусуп Баласагын жазган түрк тилиндеги "Кутадгу билиг" ("Куттуу билим") эмгеги дүйнөнүн көп тилдерине которулган. Бул чыгарма - дүйнөлүк руханий мурастын, түрк адабиятынын, маданиятынын жана илиминин залкар эстелиги. Кыргыздар жана башка түрк элдери "Кутадгу билиг" эмгегин өздөрүнүн жазма адабиятынын алгачкы түрк-мусулмандык шедеври деп эсептешет.
"Кутадгу билиг" Карахандар мамлекетиндеги адамдардын турмуш-тиричилиги жана социалдык түзүлүшү жөнүндө бай маалыматтарды камтыгандыктан, башкарууну түрк элдеринин жана мусулман маданиятынын бийик руханий-адеп-ахлактык принциптери менен шайкеш келтирген, мамлекетти башкаруунун теориясы жана практикасы тууралуу энциклопедиялык трактат катары өзгөчө бааланат.
"Кутадгу билиг" эмгегинин автору мындан миң жыл мурда эле ар бир адамды өзүнүн диний ишенимдерин жеке тагдыры үчүн гана эмес, коомдун байгерчилиги, биримдиги жана мамлекеттин бүтүндүгү үчүн болгон жоопкерчиликке да шайкеш кылууга чакырган. Жусуп Баласагындын идеялары кыргыз мамлекеттүүлүгү чоң сыноодон өтүп, кайра жаралуу мезгилин башынан кечирип жаткан азыркы мезгилде да актуалдуу болууда.
Жусуп Баласагындын баа жеткис мурасын окуп-үйрөнүү Кыргызстандын материалдык маданиятынын эстеликтерин сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга жакшы мүмкүндүк ачат. Алардын айрымдары - Улуу жибек жолунда жайгашкан Бурана (Баласагын), Ак-Бешим (Суяб), Кызыл-Суу (Невакет) 2014-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастарынын тизмесине киргизилди. Карахандар доорунун мурастарын изилдөө жана жайылтуу Кыргызстандын элинин руханий жана маданий дөөлөттөрүн байытууга, ошондой эле өлкөбүздүн туристтик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө болууга тийиш.
Жусуп Баласагындын инсан катары зор тарыхый маанисин, анын түрк-мусулман маданиятын калыптандырууга кошкон чоң салымын, карахандар доорунун Кыргызстандын жана Борбордук Азиянын тарыхындагы маанисин эске алып, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүн жана элдин ынтымагын бекемдөө, кыргызстандыктардын жаңы муунун патриоттуулукка жана адеп-ахлакка тарбиялоо үчүн ойчулдун идеяларын жайылтуу максатында токтом кылам:
1. Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгы 2015-2016-жылдары жогорку улуттук жана эл аралык деңгээлде белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын: