Документке
Мурунку03.11.2015

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 3-ноябры ПЖ № 220

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү, дин маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо механизмдерин жакшыртуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында Диний кырдаалды изилдөө борбору түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлүнүн кызмат орду республиканын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:

- 11-пунктта:

6-пунктча "Мамкомиссиянын башка кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын облустардагы өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

7-пунктча "Мамкомиссиянын кызматкерлерин" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорун жана анын орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;

8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8) Мамкомиссиянын борбордук аппаратынын, Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 26-июнундагы № 145 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестрин жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык кызмат орундарынын Реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат орундарынын Реестринин "Администрациялык мамлекеттик кызмат орундары" деген 3-главасынын 3.5-пунктунда:

- "Президентке караштуу мамлекеттик органдар" деген графанын "Башкы кызмат орду" тобунун "Г-А" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Борбордун директору";

- "Президентке караштуу мамлекеттик органдар" деген графанын "Башкы кызмат орду" тобунун "Г-Б" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Борбордун директорунун орун басары";

- "Президентке караштуу мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрү" деген графанын "Улук кызмат орду" тобунун "С-Б" категориясы төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлү".

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

1) ушул Жарлыктан келип чыккан финансылык, уюштуруу жана башка маселелерди чечсин;

2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн административдик имараттарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын облустардагы өкүлдөрүнө кызматтык жайларды бөлүп берүү жөнүндө маселени чечсин;

3) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

7. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

8. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

9. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн 7 жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 6-ноябрында N 109 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Атамбаев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын

ТҮЗҮМҮ

Жаңы31.01.2017

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2015-жылдын 3-ноябры ПЖ № 220

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын айрым маселелери жөнүндө

(КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишин өркүндөтүү, дин маселелеринде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо механизмдерин жакшыртуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдында Диний кырдаалды изилдөө борбору түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлүнүн кызмат орду республиканын Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй облустарында түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө жободо:

- 11-пунктта:

6-пунктча "Мамкомиссиянын башка кызмат адамдарынын" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын облустардагы өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен толукталсын;

7-пунктча "Мамкомиссиянын кызматкерлерин" деген сөздөрдөн кийин ", Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун директорун жана анын орун басарын" деген сөздөр менен толукталсын;

8-пунктча төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"8) Мамкомиссиянын борбордук аппаратынын, Мамкомиссиянын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борборунун түзүмүн, штаттык расписаниесин бекитет;";

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түзүмү 2-тиркемеге ылайык редакцияда берилсин.

5. (КР Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы ПЖ № 17 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)