КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 31-январы ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 21 2018-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 145, 2018-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 218, 2019-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 168 , 2020-жылдын 12-февралындагы ПЖ №36, 2021-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 85, 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 135, 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249, 2021-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 257, 18-октябрындагы ПЖ № 465, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 477, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 588, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297, 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ N 366, 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 4, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 22-майындагы ПЖ № 130, 2023-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ N 237, 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 , 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 164, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун көтөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясы болуп мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар ээлеген, кызматтык ыйгарым укуктардын көлөмүн жана мүнөзүн чагылдырган административдик кызмат орундарынын жыйындысынын классификациялык мүнөздөмөсү саналат. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт;
- (КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
- (КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
- айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо, кенже, улук жана башкы кызмат орундарына дайындалуучу адамдын мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде болуусу жөнүндө талаптарды эсепке албастан, бирок мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылат.
Айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалуучу талапкерлердин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкештигин текшерүүнүн тартиби жана методдору мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же тиешелүү кызмат орундарына дайындоо ыйгарым укуктарына кирген кызмат адамы тарабынан аныкталат.
(КР Президентинин 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат орундарынын кош аталышына төмөнкү учурларда жол берилет:
- эгерде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ошол мамлекеттик органдын ведомстволук же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе;
- эгерде кызмат ордун ээлеген адамга контролдук функцияларды аткаруу жүктөлсө, кызмат ордунун аталышында иш чөйрөсү көрсөтүлөт.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн учурларда адамдын статусу жогору турган кызмат орду боюнча аныкталат.