Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-июну ПЖ № 155
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө
Жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу иштерине тартуу боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгынын 1, 2-пункттарынын экинчи абзацы;
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 4-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы коомдук эксперттик кеңештерди түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 24-октябрындагы № 209 Жарлыгынын 1-пунктунун 1, 2-пунктчалары.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Президент |
| А.Атамбаев |
1-тиркеме
Авазбек уулу Расул | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын түштүк бөлүмчөсүнүн бөлүм башчысы, саясий илимдердин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Айтпаева Гульнара Амановна | - | "Айгине" маданий-изилдөө борборунун директору, филология илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Алишева Атыркуль Ракишевна | - | "Региондук изилдөөлөр институту" КФсынын директору, тарых илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Асанканов Аблабек Асанканович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Чыр-чатактарга мониторинг жүргүзүү жана алдын алуу борборунун жетекчиси, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Асланова Индира Шахэминовна | - | Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин Диний изилдөөлөр борборунун илимий-аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси (макулдашуу боюнча); |
Багдасарова Нина Ароновна | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин психология кафедрасынын доценти, психология илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Бердаков Денис Михайлович | - | "Евразиялыктар - жаңы толкун" фондуна караштуу талдоо клубунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Исмаилов Нурлан Асанович | - | "Ататүрк-Ала-Тоо" эл аралык университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович | - | "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду" КФсынын башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Кененсариев Ташманбет | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Курбанова Назира Умаровна | - | И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору, тарых илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Маликов Кадыр Курманбекович | - | "Дин, укук жана саясат" көз карандысыз талдоо борборунун директору (макулдашуу боюнча); |
Мамытов Токтокүчүк Болотбекович | - | Кыргызстан калкы Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Мирсаитов Икбалжан Эркинович | - | "Жалпы кызыкчылыкты издөө" эл аралык өкмөттүк эмес корпорациясынын улук талдоочусу, саясий илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Мырзабаев Маметбек Токтомушевич | - | Ислам таануу илим-изилдөө институтунун директору, социология доктору (макулдашуу боюнча); |
Нарматов Абдишүкүр | - | теолог, Кыргыз Республикасынын Президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси (макулдашуу боюнча); |
Насритдинов Эмиль | - | Борбордук Азиядагы Америка университетинин антропология департаментинин доценти (макулдашуу боюнча); |
Омуралиев Нурбек Ашимканович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Методология, илим жана социалдык изилдөөлөр борборунун директору, социология илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча); |
Ормон уулу Искендер | - | "Сереп" талдоочулук изилдөө институтунун координатору (макулдашуу боюнча); |
Сулайманов Жоомарт Мурзаевич | - | Ош мамлекеттик университетинин "Аймак таануу" кафедрасынын доценти, философия илимдеринин кандидаты (макулдашуу боюнча); |
Урманбетова Жылдыз Карыбаевна | - | Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социалдык илимдер бөлүмүнүн башчысы, философия илимдеринин доктору (макулдашуу боюнча). |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2016-жылдын 30-июну ПЖ № 155
Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук биримдикти бекемдөө жана диний саясат боюнча эксперттик кеңешти түзүү жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 12-мартындагы ПЖ № 67 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жарандык коомдун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн өлкөдө тынчтыкты жана ынтымакты камсыз кылууга, Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөгө багытталган мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу иштерине тартуу боюнча андан аркы иштерди жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ: