Редакцияот 28.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2017-жылдын 28-октябры ПЖ № 236

Т.Т.Казаков жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 24-беренесинин 4-1-бөлүгүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Казаков Тугелбай Токтогуловичтин отставкасы кабыл алынсын жана Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин кызматынан бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Негиз: Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри Т.Т.Казаковдун арызы.

 

Президент

А. Атамбаев