Редакцияот 30.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЮРЬЕВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 30-марты № 79/30-27

Юрьевка айылдык аймагындагы каза болгон жана аймактан тышкары чыгып кеткен жарандардын 38,41 га үлүш жерлерин аукционго чыгаруу жөнүндө

Юрьевка айыл өкмөтүндө № 7 контурда, каза болгон жана аймактан чыгып кеткен жарандардын 3834 га үлүш жерлер бар, ал жерлер 2 жылдан бери бош калууда, жердин ээлери үлүш жерлер берилгенден бери ал жерлерди иштетпей келишет, жерлер ээлери тарабынан  документтештирилген эмес. Жерлердин бош калуусу салык планын аткарылбоосуна алып келет. Жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты карап чыгып жана Юрьевка айыл өкмөттүн бюджетинин киреше булагын көбөйтүү максатта Юрьевка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Юрьевка айылдык аймагындагы каза болгон жана аймактан чыгып кеткен жарандардын 38,41 га үлүш жерлери аукционго чыгарылсын.
  2. Аукционду өткөрүү  комиссиянын курамы төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

1.    Толбашиев К. А. – комиссиянын төрагасы

2.    Майлибашев А.Б

3.    Асанкулов А.Д.

4.    Бурханов Э.

5.    Кадыралиев Ж.

  1. Жерлер ижарага бир жылга берилсин, жер ээлерине  кайрылганда берилсин.

 

Юрьевка айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Омуралиев