Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 26-январы №57

"Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2007-жылдын 25-майындагы №72 "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу ", "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө", "Монополиялык иш-аракетти чектөө атаандаштыкты өнүктүрүү жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасындагы табигый жана уруксат берилген монополиялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Калдык сактоочу жайлар жана кен калдыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу", "Эмгекти коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу", "Айлана чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору жактырылсын.

2. Ишкердик субъекттерин текшерүүнү ишке ашыруу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, жогоруда аталган мыйзамдарга ылайык келтиргенге чейин, "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерине каршы келбеген жагында колдонулат.

3. Ушул мыйзам долбоорлор Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

4. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүгүү жана соода министри ушул мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу