КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2009-жылдын 10-марты №168
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө
Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилик жаатындагы мыйзамдарын "Эсептик көрсөткүч жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | И.Чудинов |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., N 3, 290-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-беренеде:
- 1-бөлүктөгү "бир айлык акчалай акыдан" деген сөздөр жана "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-бөлүктөгү "эки айлык акчалай акы өлчөмүнөн" деген сөздөр "50 эсептик көрсөткүчтөн" деген сөздөргө алмаштырылсын;