Редакцияот 25.02.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 25-февралы № 214-V

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине келип түшкөн даттанууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине келип түшкөн даттанууларды иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү депутаттарынын курамында түзүлсүн:

К.Абдиев,

С.Эсеналиева - "Ата-Журт" депутаттык фракциясынан;

З.С.Жоошбеков,

Ы.К.Кадыралиева - КСДП депутаттык фракциясынан;

А.Г.Бекматов,

А.С.Өмүрбекова - "Республика" депутаттык фракциясынан;

Ш.Айтматова,

А.А.Сасыкбаева - "Ата Мекен" депутаттык фракциясынан;

Н.Н.Бадыкеева,

Т.В.Левина - "Ар-Намыс" депутаттык фракциясынан.

2. Комиссия Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлеринен Адам укуктары, тең мүмкүнчүлүктөр жана коомдук бирикмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине келип түшкөн даттанууларды иликтөө боюнча корутундуну Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна бир айлык мөөнөттө киргизсин.

 

Төрага

А.Келдибеков