Редакцияот 29.04.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 29-апрели № 403-V

2011-жылдагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу

2011-жылдагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2011-жылдын жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри Т.Н.Бековдун маалыматы эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- 2011-жылдын 28-январындагы № 126-V "2011-жылда жазгы талаа жумуштарына карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун толук көлөмдө аткарылышын камсыз кылсын;

- республикада жүргүзүлүп жаткан жазгы талаа жумуштарын өз убагында аяктоо боюнча кечиктирилгис чараларды көрсүн;

- республиканын алыскы жана бийик тоолуу райондорундагы жазгы талаа жумуштарынын жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурсун;

- жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин күчөтсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Жер-агрардык маселелер, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитетине (Э.А.Сакебаев) жүктөлсүн.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

Б.Төрөбаев