Редакцияот 20.10.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2011-жылдын 20-октябры № 1192-V

"Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2011-жылдын 23-сентябрындагы № 570 токтом) "Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда 2011-жылдын 25-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Каржылоо (Улуттук жол тармагын (Ош-Баткен-Исфана) реабилитациялоо долбоору үчүн экинчи кошумча каржылоо) жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

 

 

Төрага

 

А.Келдибеков