Редакцияот 12.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2008-жылдын 12-июну № 490-IV

"Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы

Миңбулак айылдык кеңешин Кыргыз Республикасынын Нарын

облусунун Нарын районундагы Аттокуров айылдык округу деп

өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбоорун четке кагуу тууралу

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 24-декабрындагы № 625 токтом) "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Миңбулак айылдык кеңешин Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун Нарын районундагы Аттокуров айылдык округу деп өзгөртүп атоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору четке кагылсын.

 

Төрага

А.Тагаев