Редакцияот 05.03.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 5-марты № 1676-III

"Кристалл" ААКсынын акцияларын сатууну токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши чечим кабыл алганга чейин "Кристалл" ААКсынын акцияларын сатууну токтотуу боюнча шашылыш чараларды көрсүн.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Өнөржай, курулуш, архитектура жана менчиктештирүү маселелери боюнча комитети (А.О.Бурканов) менен Кыргыз Республикасынын алтын кендерин өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссияга (Б.Э.Шерниязов) жүктөлсүн.

 

 

  Төрага

М. Султанов