Редакцияот 26.03.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2007-жылдын 26-марты № 1730-III

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча маселе киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Кыргыз Республикасынын алтын кендерин өздөштүрүүнүн негиздүүлүгүн жана мыйзамдуулугун парламенттик иликтөө боюнча депутаттык комиссия тарабынан демилге көтөрүлгөн "Алтын кендерин иштетүүнүн жана казып алуунун айрым маселелерин мыйзамдарга ылайык келтирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу" маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналыштарынын күн тартибине кошумча киргизилсин.

 

Төрага

М.Султанов