Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 19-ноябры № 38-VI

Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

(КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2019-жылдын 28-февралындагы № 2932-VI 2021-жылдын 24-февралындагы № 4420-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Активдүү парламенттер аралык кызматташууга умтулуп жана Ислам Конференциясы уюмуна катышкан мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу парламенттик кызматташууну андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ислам Конференциясы Уюмунун Парламенттик Бирлигине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

- Мамытов Талант Турдумаматович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы;

- Сулайманов Алтынбек Турдубаевич;

- Жамалдинов Зиядин Исламович;

- Абжалиев Алиярбек Токобекович;

- Түлөндүбаев Пархат Розымович;

- Самигуллина Альфия Эльдаровна;

 (КР Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 17-февралындагы № 266-VI, 2016-жылдын 29-июнундагы № 827-VI, 2016-жылдын 16-ноябрындагы № 1092-VI, 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1964-VI, 2019-жылдын 28-февралындагы № 2932-VI токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

 

Төрага

А. Жээнбеков