Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2007-жылдын 27-декабры № 51-IV
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттык фракцияларынын жетекчилери "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоо боюнча жумушчу топтун курамына 2ден өкүлдү Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетке жиберсин.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун депутаттык фракциялардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен 2008-жылдын 7-январына чейин даярдоо жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизүү Этика жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенти боюнча комитетке (А.А.Сабиров) тапшырылсын.
Төрага | А. Мадумаров |