Редакцияот 15.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 15-февралы № 1349-VI

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы "2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тийиштүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына байланыштуу маселелерди изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" № 1006-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2016-жылдын 20-октябрындагы "2010-жылы болгон мародерлук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, ошондой эле мурда К.Бакиевдин (М.Бакиев, А.Ширшов, А.Елисеев), К.Батыровдун айлана-чөйрөсүнө тийиштүү болгон "Альфа-Телеком" ЖАКсын (Мегаком), "Бишкек мунайзат компаниясы" ЖАКсын, "Дастан" ТУК ААКсын, "Азия Универсал Банк" АКсын, "Кыргыз көмүр" МИсин кошуп алганда, бардык улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана "Кыргызтелеком" ААКсынын интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу бүтүмдөрүнүн фактыларына байланыштуу маселелерди изилдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин убактылуу депутаттык комиссиясын түзүү жөнүндө" № 1006-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Алтынбеков аталган комиссиядан чыгарылсын жана анын курамына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Жамангулов киргизилсин.

  

Төрага

Ч. Турсунбеков