Редакцияот 01.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 1-июну № 1639-VI

"Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.Ш.Өмүркулов, А.Б.Баатырбеков, Ө.Т.Бабанов, К.К.Керезбеков, А.А.Карашев, М.К.Жеенчороев жана А.А.Турсунбаев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары

 

А.Өмүрбекова