Редакцияот 07.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 7-июну № 1649-VI

2017-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудиторун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

"Грант Торнтон" ЖЧК аудитордук уюму 2017-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тышкы аудитору болуп бекитилсин.

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы

Ч.Турсунбеков