Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 22-майындагы № 104 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1998-жылдын 2-июну № 72
Автомобиль жолдору жөнүндө
(КыргызРеспубликасынын 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2011-жылдын 15-июлундагы № 105, 2011-жылдын 26-июлундагы № 132, 2011-жылдын 16-ноябрындагы № 213, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2012-жылдын 11-октябрындагы №171, 2014-жылдын 27-февралындагы № 37, 2014-жылдын 1-июлундагы № 102, 2015-жылдын 2-июлундагы № 141, 2015-жылдын 3-августундагы № 211, 2018-жылдын 11-январындагы № 3, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66, 2019-жылдын 24-июлундагы № 99, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2020-жылдын 21-августундагы № 138 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-глава Жалпы жоболор
(Преамбула КР 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-статья. Автомобиль жолдору тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Автомобиль жолдору тууралу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган башка ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат.
(экинчи бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
Жол ээлеринин гана кызыкчылыгы үчүн пайдалануучу муниципалдык жолдордун, ошондой эле ведомстволук жана менчик жолдорду пайдаланууга байланышкан иш, эгерде ушул Мыйзамга карама-каршы келбесе, башка мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен жөнгө салынса болот.
Жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жана ведомстволор өз компетенциясына жараша өз карамагында турган автомобиль жолдорун пайдалануу маселелери боюнча кабыл алган чечимдери ушул Мыйзамдын талаптарын жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негиздерин жөнгө салуучу, жол ишин жүзөгө ашыруучу жоболорду бузбашы керек.
(бешинчи бөлүк КР 2012-жылдын 3-августундагы № 146 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2008-жылдын 16-майындагы № 89, 2012-жылдын 3-августундагы № 146, 2018-жылдын 4-июлундагы № 66 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
2-статья. Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында автомобиль жолдорун өнүктүрүүнү, оңдоону, күтүүнү камсыз кылуучу транспорт жана жол чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уюмдары жана жол органдары тарабынан автомобиль жолдорун башкаруудагы экономикалык, укуктук негиздерди жана принциптерди, автомобиль жолдорунун менчик ээлеринин, ээлик кылуучуларынын жана пайдалануучуларынын укуктарын, милдеттерин, ошондой эле жоопкерчилигин аныктайт.