Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2009-жылдын 15-июнундагы № 382 токтомуна ылайык

2009-жылдын 3-апрелинен баштап

ЖАРАКТУУЛУГУ ТОКТОТУЛДУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2009-жылдын 19-марты №181

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

"Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоону тартипке салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы №260 "Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкерликтин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 41-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"41-глава. Автомобиль транспорт менен, аба, суу жана темир жол транспорттору (атайын, кызматтык жана технологиялыктан башкалары) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча иштин түрлөрүн, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын иштерин лицензиялоонун өзгөчөлүктөрү";

- 41-главанын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Ишкердиктин лицензияланчу түрүнүн аталышы: автомобиль транспорт менен, аба, суу жана темир жол транспорттору (атайын, кызматтык жана технологиялыктан башкалары) менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу, автовокзалдардын, автостанциялардын жана автокассалардын иштери.".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов