Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 2021-П-14/59-5-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Улуттук банк Башкармасынын

2018-жылдын 14-февралындагы №2018-П-14/5-3-(ПС)

токтомуна карата тиркеме

 

"Төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондусу жөнүндө" убактылуу жобо

1. Жалпы жоболор

1.      Бул, "Төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фонду жөнүндө" убактылуу жободо (мындан ары - жобо) эл аралык төлөм системаларынын карттары аркылуу өлкө ичинде эсептешүүлөрдү улуттук валютада жүргүзүүнүн алкагында, таза позицияларды жыйынтыктап эсептөөдө катышуучулардын милдеттенмелерин өз учурунда аткарылышын камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системалары үчүн камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү жана алардын иштөө тартиби аныкталат.

2.      Жободо Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - Улуттук банк) ченемдик укуктук актыларындагы аныктамалар колдонулат.

3.      Камсыздандыруу (камдык) фонду финансылык тобокелдиктерди алдын алуу жана бир же бир нече катышуучунун ликвиддүүлүгү жетишсиз болгон учурда мамлекеттин ичиндеги төлөмдөр боюнча төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын таза позицияларын жыйынтыктап эсептөөлөрдүн өз учурунда жана кепилдик алдында ишке ашырылышы үчүн төлөм системасында ликвиддүүлүктү тескөөнүн кошумча механизмин жөнгө салуу максатында түзүлөт.

4.      Камсыздандыруу (камдык) фондунун каражаттары Улуттук банкта корреспонденттик эсеби бар жана Улуттук банк менен тиешелүү келишим түзгөн коммерциялык банктардын - төлөм карттар менен эсептешүүлөрдүн эл аралык системаларынын тике катышуучуларынын (принципалдар) (мындан ары - катышуучу) каражат эсебинен улуттук валютада Улуттук банкта өзүнчө эсепте эсепке алынат.

5.      Камсыздандыруу (камдык) фондунун эсеби бардык катышуучулар үчүн кумулятивдик (топтолуучу) болуп эсептелинет.

6.      Катышуучулардын камсыздандыруу (камдык) фондуна чегерилген төлөмдөрү милдеттүү камдык талаптар ченемин аткаруу үчүн колдонулушу мүмкүн эмес.

7.      Камсыздандыруу (камдык) фондун түзүү ар бир катышуучу үчүн милдеттүү болуп саналат.

8.      Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинде ликвиддүлүктүн жетиштүү көлөмүн өз алдынча камсыз кылып, келип чыгышы ыктымал болгон финансылык тобокелдиктерди эске алып, тобокелдиктүү финансылык операциялардын жүргүзүлүшүнө жол бербоого тийиш.

9.      Катышуучу Улуттук банктагы өз корреспонденттик эсебинде жетиштүү көлөмдөгү ликвиддүлүктү камсыз кылуу боюнча мүмкүн болгон бардык механизмдерди жана инструменттерди, анын ичинде төмөнкүлөрдү колдонууга тийиш:

- активдерди банктар аралык рынокто сатуу;

- банктар аралык кредит алуу;

- Улуттук банктын бир күндүк кредитин пайдалануу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ликвиддүүлүк деңгээлин көбөйтүү үчүн башка механизмдерди колдонуу.