Загрузка документа…
| Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА) токтомуна тиркеме
|
Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР
(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА, 2021-жылдын 15-декабрындагы №2021-П-12/70-2-(НПА)) токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар) кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.
2. Минималдуу талаптарда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
Кредит портфели – талап кылуу укугу Улуттук банк тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, ушул минималдуу талаптарда белгиленген белгилүү бир мүнөздөмөлөргө ылайык келген, банк тарабынан карыз алуучуга берилген кредиттер/лизингдер
«Резидент» деген түшүнүк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
Жеке адам - ушул минималдуу талаптардын алкагында жеке адам дегенден улам, жеке ишкер катары катталбаган, бирок айыл чарба тармагында иш алып барган адамды саноого болот.
(Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы №2018-П-15/53-12-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул минималдуу талаптарда колдонулган башка түшүнүктөр Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында, Улуттук банктын банктык жана финансылык терминдер глоссарийинде каралган түшүнүктөргө туура келет.
2. Кредит портфелине камтылган кредиттердин/лизингдердин мүнөздөмөлөрү
4. Кредит портфели экономиканын төмөнкү тармактарында иш алып барышкан юридикалык жактарга, жеке ишкерлерге берилген кредиттердин/лизингдердин эсебинен тузүлүүгө тийиш:
- өнөр жай;
- айыл чарба, даярдоо жана кайра иштетүү;